Жаңылыктар
13.12.2024 19:38
Кароолор: 288
КУТКАРУУЧУЛАР СПОРТ ТАЛААСЫНДА КҮЧ СЫНАШТЫ
Жыл жыйынтыгына карата ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн арасында спорттук мелдеш өттү.
Анда куткаруучулар футбол жана волейбол боюнча күч сынашып, кызматында гана эмес спорт жаатындагы да мыктылыгын көрсөтүштү.
Алсак, 12-декабрь күнү Бишкек шаарындагы Өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө, Куткаруу кызматында жана башкармалыктын өздүк курамынын түзүлгөн командалар ортосунда футбол боюнча беттеш өттү.
Жыйынтыгында 4-орунду Бишкек шаардык башкармалыгынын командасы, 3-орунду башкармалыктын №8 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгү, 2-орунду Куткаруу кызматы,1- орунду Ленин райондук №6 ӨКББнын командасы ээледи.
Ал эми волейбол боюнча 1-орунга Ленин райондук ӨКБнын №6 өрткө каршы куткаруу бөлүгү, 2-орунга Ленин райондук ӨКБнын №6 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 1-командасы, 3-орунга Октябрь району боюнча ӨКБнын №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгү ээ болду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР