Жаңылыктар
08.03.2026 10:02
Кароолор: 38789
КУТКАРУУЧУЛАР ШАХТЫДАН БИР КЕНЧИНИ АМАН АЛЫП ЧЫГЫШТЫ
Кечээ, 7-мартта Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылындагы “Баткен Мунай" шахтасынан газ чыгып, 3 жаран калып калганы тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык катталган жерде ӨКМдин Тоодон куткаруу кызматынан 13 куткаруучу куткаруу иштерин аткарышкан. Шахтанын 200 метр тереңдигинен каза болгон 2 кенчинин сөөгүн милиция кызматкерлерине, ал эми үчүнчү адамды тирүү чыгарышып, тез жардам кызматына беришкен.
Ошондой эле аталган ЖЧК "Баткен Мунай" шахтасынан иске ууланган 18 кызматкер Баткен райондук ооруканага кайрышкан. Абалдары канааттандырарлык.
Мындан сырткары куткаруучулар шахтанын 40 метр тереңдигине тосмо орнотуп, туруктуу жайгашкан ордуна кайтып келишкен.
КР ӨКМ ПРЕСС- БОРБОР