Жаңылыктар

09.11.2025 09:30

   Кароолор: 41

КУТКАРУУЧУЛАР РОССИЯЛЫК ТУРИСТКЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ

Кечээ түнү менен куткаруучулар россиялык 29 жаштагы альпинистке жардам көрсөтүштү. Алар туристке медициналык жардам берген соң, саат 22:00гө карата жабырлануучуну алып “Шаркыратма” тилкесине жетишти.

Куткаруучулар туристти саат 23:50гө карата “Рацека” лагеринен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен.

Тагыраагы, жабырлануучу Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Ала-Арча”капчыгайында "Хижина Рацека" чокусунан бутун кокустатып алгандыгын ӨКМдин тиешелүү кызматтарына билдиришкен.

Россиялык жаранга жардам көрсөтүүгө Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында нөөмөттө турган 4 куткаруучусу жөнөтүлгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу