Жаңылыктар
21.05.2025 17:20
Кароолор: 32
КУТКАРУУЧУЛАР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ЧАРА КӨРҮҮНҮН ИНКЛЮЗИВДҮҮ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ
ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси ортосунда кол коюлган 2025-жылга кызматташтык планынын негизинде 2025-жылдын 19-20-май күндөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларында "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн инклюзивдүү ыкмалары" темасында тренинг уюштурулуп өткөрүлдү.
Тренингдин алкагында майыптыгы бар жарандар тууралуу түшүндүрмө берүү, майыптыгы бар жарандарды өзгөчө кырдаалдар убагында куткаруу жана аларга жардам берүү ыкмалары тууралуу сабактар “Тендик” коомдук уюмунун, «Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү» фондунун төрагалары жана адам укуктары боюнча эксперт Атыр Абдрахматова тарабынан өткөрүлдү.
Тренинге ӨКМдин Ош жана Жалал-Абад облусу, Ош шаарды боюнча башкармалыктарынын, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун куткаруучулары катышты.
Мындай тренингдер республиканын башка аймактарында да уюштурулмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР