Жаңылыктар

13.07.2025 20:53

   Кароолор: 240

КУТКАРУУЧУЛАР ОШ ШААРЫНДА КАНАЛГА ТҮШҮП КЕТКЕН АДАМДЫН СӨӨГҮН ТАБЫШТЫ

Ош шаарындагы Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы адамды издөөнүн натыйжасында бүгүн, 13-июлда куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Маалым болгондой, 2004-жылы туулган А.у.Т. аттуу жаран кечээ, 12-июль күнү аталган каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине ӨКМдин 38 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20, жалпы 68 адам чыгышкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу