Жаңылыктар
12.09.2024 19:07
Кароолор: 183
КУТКАРУУЧУЛАР ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУГА ҮГҮТТӨЙТ
Бүгүн, 12- сентябрь күнү Бишкек шаардык башкармалыгынын Биринчи Май районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан №54, №108 мектебинде Жарандык коргоону күнү өткөрүлдү.
Өрт кырсыгын алдын алууга үгүттөгөн куткаруучулар алгач мектептен өрт чыккандыгын маалымдап андан соң имараттан жабыркаган жарандарды эвакуациялоо ыкмаларын көрсөтүштү.
Мындан сырткары мектептин мугалимдерине жана окуучуларына өрт кырсыгы катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин, өрт учурундагы шаймандарды туура колдонууну ошондой эле жер титирөөдөгү туура иш-аракеттерди практикада көрсөтүп беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР