Жаңылыктар

12.11.2024 17:51

   Кароолор: 129

КУТКАРУУЧУЛАР НАРЫНДА КЫЗДЫ ИЗДӨӨНҮ ЭРТЕҢ УЛАНТАТ

Нарын дарыясына секирип кетип дайынсыз жоголуп жаткан 17 жаштагы кызды издөө кеч киргендигине байланыштуу токтотулду. Эртең, 13-ноябрда уланат.

Бүгүн ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жалпы 30 адам чыкты. Ага кошумча 5 дүрбү, 2 автоунаа тартылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат 2-ноябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө улантылып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу