Жаңылыктар
16.08.2025 13:19
Кароолор: 106
КУТКАРУУЧУЛАР КЫРГЫЗ ТООЛОРУНДА ЧЕТ ЭЛДИК КЕСИПТЕШТЕРИ МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШАТ
Кыргызстанда жыл сайын Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун алкагында өтүүчү тоо куткарууга даярдоо боюнча XI эл аралык курсу бүгүн, 16-августта КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда расмий ачылды.
Быйылкы жылы Алжир, Египед, Пакистан, Сербия, Грузия, Сауд Арабия, Азербайжан, Марокко, Россия, Палестина жана Беларусь мамлекеттеринен келишти. Эки жумага созулган бул курста теория, практика, командада иштөө жана тажрыйба алмашуу программалары каралган. Жыйынтыгында окуудан өткөндүгүн тастыктоочу сертификатка ээ болушат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
https://www.facebook.com/share/v/16iowvNnJL/