Жаңылыктар
13.04.2024 10:37
Кароолор: 191
КУТКАРУУЧУЛАР КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУ АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Бүгүн, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары да ишембиликке чыгышты. Башкармалыктын жана облустардагы бардык взводдун өздүк курамы тазалоо, таштандылардан арылтуу иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле, көчөнүн жээктерин, имараттын айланасын иретке келтиришти.
Мындан сырткары, аталган кызматтын 1-2-3-4-5-6-взводдорунда жашылдандыруу иштеринин алкагында 27 даана павлония, 47 даана мөмөлүү дарак, 5 түп ийне жалбырактуу арча жана көп жылдык гүл көчөттөрү отургузулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР