Жаңылыктар

14.01.2025 20:08

   Кароолор: 525

КУТКАРУУЧУЛАР ИЗДӨӨ ИШИН ЭРТЕҢ УЛАНТАТ

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 15-январда кайрадан улантылат.

Бүгүн, 14-январь күнү издөөгө ӨКМден 54 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, туугандарынан 25, жалпысынан 94 адам чыкты жана 4 дрон тартылды. КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов изделип жаткан жарандын апасы жана бир туугандары менен жолугуп издөөнүн иш мерчеми менен тааныштырды жана апасынын тилегин угушту.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен издөө иштери улантылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу