Жаңылыктар
05.04.2025 11:36
Кароолор: 703
КУТКАРУУЧУЛАР ИШЕМБИЛИКТЕ!
Быйыл Кыргызстанда 15-марттан 17-майга чейин айлананы тазалоо, көрктөндүрүү үчүн жалпы ишембилик жарыяланган.
Мындан улам 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы ишембилик өткөрүп, борбордук аппараттын айланасын, иш бөлмөлөрүн иретке келтирүүдө.
Ал эми министрликке караштуу аймактык башкармалыктар, аскердик бөлүктөр, шаардык-райондук өрт өчүрүүчү бөлүмдөр, мекеме-уюмдар өздөрүнө тиешелүү тилкелерди тазалап, жашылдандырышты.
Жапырт көтөрүлгөн ишембилик – өлкөбүздү жашылдандыруунун, тазалыктын негизи!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР