Жаңылыктар

20.04.2024 11:07

   Кароолор: 425

КУТКАРУУЧУЛАР ИШЕМБИЛИКТЕ

Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар аралыгында тиричилик калдыктарын кайра иштетүү, инфраструктураны өнүктүрүү, борборго жашыл, таза шаар макамын кайтаруу үчүн жарыялаган Президенттин Жарлыгынын негизинде 20-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жалпы ишембиликке чыгышты.

Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, тазалоо демилгесин колго алган куткаруучулар ар ишембиде бөлүнгөн тилкелерди ирээтке келтиришүүдө.Бүгүн да таң эрте ӨКМчилер өлкө аймагы боюнча жалпы ишембиликке кошулушту.

Тазалык күнунө министрликтин өлкө аймагындагы түзүмдүк, аймактык жана мекеме-ишканалары да катышууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу