Жаңылыктар

23.09.2024 09:25

   Кароолор: 162

КУТКАРУУЧУЛАР ИШЕМБИЛИККЕ ЧЫГЫШТЫ

Бүгүн, 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери “Улуттук тазалык күнүнүн” алкагында ишембиликке чыгышты.

Министрликке караштуу Бишекек, Ош шаарларынын жана облустардагы башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрдүн жана Окуу-изилдөө борборунун кызматкерлери ошондой эле башка мамлекеттик мекемелердин өздүк курамы айлана-чөйрөнү тазалоо ишембилигине катышты.

Белгилей кетсек, жалпы республикалык ишембилик КР Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу