Жаңылыктар

25.10.2023 10:41

   Кароолор: 835

КУТКАРУУЧУЛАР ГАЗ ЧЫГЫП ЖАТКАН ЦИСТЕРНАНЫ БӨЛҮП, КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДАШТЫ

Бүгүн кечке маал Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жайгашкан №5 станцияга токтогон поезддин 75 куб бата турган 1 цистернасынан газ чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ жана Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 1 өрт өчүрүүчү унаа жана 5 куткаруучу, 1 химиктер тобу тартылып, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалды болтурбоо максатында күзөттө турушат.

Пропан газын ташыган поезддеги цистернанын биринен газ чыгып, айлана-чөйрөгө, шаар элине кооптуулук жараткан. Учурда куткаруучулардын жардамы менен поезддин курамынан чыгарылып, газ сакталуучу жайга киргизип, адистер газды токтотуу аракеттерин көрүүдө. Цистерна курамдан чыгарылып, обочолонгон соң, Бишкектен келген 2 күжүрмөн эсеп артка кайтарылган.

Учурда элге кооптуулук жаратпашы үчүн ИИМ кызматкерлери курчоого алып, "Тез жардам" кызматы да обочодо нөөмөттө турушат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу