Жаңылыктар
22.04.2025 10:12
Кароолор: 514
“КУТКАРУУЧУЛАР” ФИЛЬМИ ТАРТЫЛУУДА
Кыргызстанда алгачкы жолу куткаруучулар тууралуу фильм тартыла баштады.
Даректүү тасманы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматтарынын тагыраагы, куткаруучулары ары түйшүкчүл, ары тобокелчил күндөрү коштойт.
Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы «Куткаруучулар» аталышындагы даректүү фильмин 2025-жылдын апрель айынын башынан ѳндүрүшкѳ киргизген.
Тасманын режиссерлугуна Алим Токторов бекитилди. Фильмдин алгачкы сьемкалары 15-19-апрель күндѳрү Баткен облусунун Сүлүктү шаарында, ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Биринчи өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун куткаруучулары менен жүргүзүлдү.
Кино тартуу иштери май айында Чүй облусундагы Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыктарынын Өрт ѳчүрүү-куткаруу бѳлүктѳрүнүн биринде жана Чолпон-Ата шаарындагы Суучулдарды даярдоо борборунда уланмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР