Жаңылыктар
02.09.2025 12:20
Кароолор: 196
КУТКАРУУЧУЛАР ЭТ ТУУРАГЫЧКА КОЛУ КЫПЧЫЛЫП КАЛГАН ЖАРАНДЫ КУТКАРЫШТЫ
Бүгүн Ош облустук ооруканасында 2006-жылы туулган Д.М. аттуу жаран эт туурагычка колун кыпчып алгандыгы тууралуу билдирүү ӨКМдин 112 кызматына түшкөн.
Кырсык болгон жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.
Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР