Жаңылыктар

13.05.2024 16:51

   Кароолор: 318

КУТКАРУУЧУЛАР ЭРЕЖЕЛЕРГЕ БАШ ИЙИП, КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛУУГА ҮГҮТТӨЙТ

Бүгүн, 13- май күнү Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү "Орион" мейманканасынын кызматкерлерине өрт кырсыгы катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин жана өрт учурундагы шаймандарды туура колдонууну практикада көрсөтүштү.

Жалпысынан иш-чарага 180 кызматкер катышты.

Ошондой эле аталган райондун адистери №89 мектебинде Жарандык коргоо күнүн өткөрүштү.

Анда 680 окуучу катышкан иш- чарада жер титирөөдөгү алгачкы кадамдарды, өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат беришти.

Ал эми башкармалыктын Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Спирт ичимдиктерин чыгаруучу заводдун (Столичный винно-водочный завод) кызматкерлерине ар кандай өзгөчө кырдаал катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин, жер титирөөдөгү туура иш-аракеттерди көрсөтүп беришти.

101, 112 кызматына өз убагында чалып, кабар берүү боюнча нускамалар таратылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу