Жаңылыктар
04.09.2026 21:33
Кароолор: 20
КУТКАРУУЧУЛАР ЭҢИЛЧЕКТЕ УНААСЫ ТЫГЫЛЫП КАЛГАН ТУРИСТТЕРГЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ
3-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек айылындагы Ат жайлоосунун Кыдырма-Жар тилкесинде Англия жана Австралия өлкөсүнүн 2 жараны Toyota Land Cruiser автоунасы менен тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 7-ӨМТККВнын 5 куткаруучусу тартылган.
Куткаруучулар Эңилчек дарыясынын нугуна тыгылып калган чет элдик жарандарын унаасын коопсуз аймакка чыгарып беришип, туристтер өз багыты менен кетишкен. Жабыркагандар жок.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ