Жаңылыктар

22.08.2024 13:50

   Кароолор: 677

КУТКАРУУЧУЛАР ЭЛЕТ ЭЛИН ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДООДО

Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы сел сууларынан жабыркаган айылдарга ӨКМдин унаалары менен тургундарга таза суу жеткирилүүдө.

Ал үчүн ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча ӨКБнын N31, N32, N33-өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн резервдеги өрт өчүрүүчү унаалар күнүнө 5,5 тонна ичүүчү суу менен Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарында нөөмөттө туруп, тургундарга таза суу таратууда.

Тургундарды камсыздоо таза суу туруктуу берилгенче улантылат .

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу