Жаңылыктар
14.06.2025 00:16
Кароолор: 20
КУТКАРУУЧУЛАР ДАЙЫМ ДАЯР! БУТУ СЫНГАН АДАМДЫ ТООДОН ТҮШҮРҮП, ООРУКАНАГА ЖЕТКИРИШТИ
Бүгүн Чүйдүн Москва районуна караган жайлоолордун бириндеги Широкий коктусунда 1960-ж.т. Ж.У. аттуу эркек киши бутун сындырып алган.
Тоодон түшүп жатканда кырсыктаган адамды куткаруу үчүн 112 кызматына маалымат келген.
Жардам көрсөтүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучулары даярдоочу мамлекеттик борбордон 5 куткаруучу жөнөтүлгөн.
Ага медициналык алгачкы жардамды көрсөтүшүп, тоодон түшүргөн соң ооруканага жеткиришкен. Учурда абалы орто.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР