Жаңылыктар

22.08.2023 10:52

   Кароолор: 775085

Куткаруучулар чет өлкөлүк туристти ооруканага жеткирип беришти

Кечээ, 21-августта Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Украина өлкөсүнүн 67 жаштагы Ж.Н. аттуу жараны жана ошондой эле капчыгайдагы шаркыратмага жакын жерден Чехия өлкөсүнүн 71 жаштагы К.Д. аттуу жараны буттарын кокустатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу чыгышкан. Куткаруучулар жеткенге чейин Украина өлкөсүнүн жаранын "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркынын кызматкерлери "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми Чехия өлкөсүнүн жаранын куткаруучулар тоодон түшүрүп, №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирип беришкен.

Учурда чет өлкөлүк аял туристтердин абалдары канааттандырарлык.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР