Жаңылыктар
13.10.2023 14:33
Кароолор: 1544
КУТКАРУУЧУЛАР “БУЗУЛГУС БООРДОШТУК-2023” МАШЫГУУСУНА КАТЫШЫШТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрынан тарта 13-октябрына чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын талаа полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун аскердик машыгуусуна ӨКМдин аскер кызматкерлери катышты.
Тынчтык сактоочу күчтөрү менен биргеликте өтүп жаткан машыгуунун алкагында ӨКМ тарабынан өрт өчүрүүчү жана авариялык автоунаалар, мобилдик госпиталь, радиациялык-химиялык коргоо, суучулдар тобу катышышты. Ошондой эле машыгууда жабыркагандарга куткаруучулар тарабынан чатырлар тигилди.
Куткаруучулар атайын операция жүрүп жаткан согуш чөлкөмүнөн жарандарды эвакуациялоо жана химиялык-радиациялык калдыктарды зыянсыздандыруу, жабыркагандарды жайгаштыруу жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш алып барышты.
Соңуда машыгууга жигердүү катышкандыгы үчүн КР ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Б. Шаршеналиев жана Балыкчы шаарынын №19 ӨКБнын кароол башчысы Ж.Адылов ЖККУнун машыгуусуна жигердүү салым кошкондугу жана ИИМдин 95 жылдыгына карата медалы, ал эми Балыкчы шаарынын №19 ӨКБнын айдоочу-техниги А.Асангулов, ӨКМдин медициналык кызматынын офицери А.Бегалиев Ардак грамоталар менен сыйланышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР