Жаңылыктар

30.07.2026 11:12

   Кароолор: 42

КУТКАРУУЧУЛАР БИЙИКТИКТЕ ИШТӨӨ БОЮНЧА ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ МАШЫГЫП ТУРУШАТ

КР ӨКМдин куткаруучулары бийиктикте иштөө боюнча машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. 

Куткаруу кызматынын базасында жайгашкан атайын машыгуу дубалында алар тик конструкцияларга көтөрүлүү жана түшүү ыкмаларын, куткаруу шаймандарын туура колдонууну, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга мүмкүн болушунча жакын шарттарда аракеттенүүгө машыгышат. 

Мындай машыгуулар куткаруучулардын кесиптик даярдыгын жогорку деңгээлде сактоого, чеберчилигин өркүндөтүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калуу боюнча милдеттерди ыкчам аткарууга дайым даяр болууга мүмкүнчүлүк берет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу