Жаңылыктар

21.11.2023 15:41

   Кароолор: 828

КУТКАРУУЧУЛАР БЕКИЛИП КАЛГАН ЭШИКТИ АЧКАНДА ҮЙДҮН ИЧИНДЕ 5, 8 ЖАНА 2 ЖАШАР БАЛДАР БОЛГОН

ОШТО КУТКАРУУЧУЛАР БЕКИЛИП КАЛГАН ЭШИКТИ АЧЫП БЕРИШТИ

 

ҮЙДҮН ИЧИНДЕ 5, 8 ЖАНА 2 ЖАШАР БАЛДАР БОЛГОН

 

Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 8, 5 жана эң кичүүсү 2 жашар балдар болгон.

Жерине келген куткаруучулар кол шаймандардын жардамы менен эшикти ачып балдарды чоң атасына өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.

Сүрөт архивден.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу