Жаңылыктар

01.06.2024 11:47

   Кароолор: 633

КУТКАРУУЧУЛАР БАЛДАР ҮЙҮНҮН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫН КУТТУКТАШТЫ

Бүгүн, 1-июнда ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаев баш болгон отряддын жоокерлери 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдарды куттукташты.

КДМБнын башчысы ӨКМ жетекчилигинин атынан балдарды куттуктап, аларга ден соолук каалады. Анын айтымында, министрлик жетекчиликке алып, жылда керектүү жардамдарын берип келет.

Майрамдык кече Москва районунун Беловодск айылындагы Балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин жана Атайы жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин тарбиялануучуларына уюштурулду.

Куткаруучулар балдар менен биргеликте кызыктыруучу оюн-зоокторду, футбол ойношуп, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, майрамдык концерт менен кечени көркүнө чыгарышты.

Өспүрүмдөрдү Өрт өчүрүүчү жана авариялык куткаруу унаалары менен жакындан тааныштырып, куткаруучу шаймандар тууралуу түшүндүрүштү.

Өз кезегинде социалдык мекеменин жетекчиси Нуриза Болотбекова Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, министрликтин жетекчилиги тарбиялануучулардан кабар алып, дайыма балдар үйүнө жардам берип келгенин баса белгиледи. Кышында балдарга алып берген жылуу кийимдер, жылыткычтар үчүн жетекчиликке ыраазычылыгын айтып өттү.

Иш-чаранын соңунда куткаруучулар балдар таттуулар менен кубандырышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу