Жаңылыктар

10.01.2024 10:26

   Кароолор: 920

КУТКАРУУЧУЛАР БАЙЛАНЫШ ЖАНА АТАЙЫН ШАЙМАНДАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

Жаңырган жылда ӨКМ куткаруучулары үчүн дагы бир жакшы саамалык орун алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын күжүрмөн даярдыгын тиешелүү деңгээлде кармоого түзүлгөн шартты жакшыртуу аракети көрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин каржылоосу менен тоо-кен куткаруу иштеринде колдонулуучу заманбап байланыш каражаттары менен камсыздалды. Россия Федерациясынан келген шаймандардын арасында ар кандай газдарды өлчөөчү, газдан уулануу учурунда тез жардам көрсөтүүчү медициналык жабдыктар да бар.

Маалымат катары айта кетсек, өткөн жыл ичинде аталган кызмат үчүн министрликтин каржылоосу менен JAC үлгүсүндөгү пикап унаасы да алынган. Мындан сырткары, ички каражаттын эсебинен эскилиги жеткен куткаруу шаймандары жаңыланып, өздүк курам үчүн кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу