Жаңылыктар

22.01.2024 20:21

   Кароолор: 436

КУТКАРУУЧУЛАР АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫНДАГЫ ИЗДӨӨНҮ ЭРТЕҢ ДА УЛАНТЫШАТ

Бүгүн Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кечки саат 19:00гө чейин жүрүп, тилекке каршы натыйжа болгон жок. Куткаруучулар 23-январь күнү саат 9:00дө кайрадан издөө ишин улантышат.

Маалым болгондой, 22-январь күнү жалпы 297 адам чыкса, анын 174ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. Алар 6 дрон, 17 техника менен капчыгайда издөө ишин жүргүзүштү. Ал эми ИИМден 120  адам 1 дрон, 4 техника менен, "Инсараг" издөө-куткаруу тобунун 3 куткаруучусу 3 дрон, 1 техника менен  чыгышты. Жалпы 22 техника тартылды.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу