Жаңылыктар

07.08.2025 09:30

   Кароолор: 270

КУТКАРУУЧУЛАР «АЛА-АРЧАДАН» БУТУН КОКУСТАТЫП АЛЫП, ТҮШӨ АЛБАЙ КАЛГАН ЖАРАНГА ТЕЗ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

Чүй облусунун Аламүдүн районунда кечээ, 6-августта «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына эс алууга чыккан 30 жаштагы эркек адам бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун «Ала-Арча» паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылып, аталган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүшкөн. Андан соң туугандарына өткөрүп беришти. Абалы туруктуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу