Жаңылыктар

06.07.2025 11:10

   Кароолор: 231

КУТКАРУУЧУЛАР “АЛА-АРЧА” ПАРКЫНДА РОССИЯЛЫК ЖАРАНГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ

Кечээ Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына эс алууга чыккан А.П. аттуу россиялык жаран бутун сындырып алып, 112 кызматынан жардам сураган.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун нөөмөттөгү 5 куткаруучусу кырсыктаган адамды тоодон түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтшкөн.

Эске салсак, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жайкы эс алуу мезгилинде карата кырсыктаган туристтерге “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына КДМБнын куткаруучулар тобунан нөөмөт уюштурган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу