Жаңылыктар

16.05.2025 14:03

   Кароолор: 60

КУТКАРУУЧУЛАР АК-БУУРАГА ТҮШҮП КЕТКЕН 13 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН СӨӨГҮН ТАБЫШТЫ

Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, изделип жаткан 13 жаштагы баланын сөөгү бүгүн, 16-майда саат 12:55те ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 15-майда 2013-жылы туулган Ж.У. аттуу жаш бала суу түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бүгүн экинчи күнкү издөө ишине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, ИИМдин Ички аскерлеринен 209 кызматкер, туугандарынан 24 адам, жалпы 254 адам тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

https://www.facebook.com/share/v/16hCQxbHju/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу