Жаңылыктар
13.08.2024 11:54
Кароолор: 1109
КУТКАРУУЧУЛАР "РУХ ОРДО" МАДАНИЙ БОРБОРУН ТАЗАЛООДО
12-август күнү саат 21:20да жааган нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү. Кокту-колоттордон келген сел суусу шаардагы 1 дүкөндүн, 7 турак жайдын короосуна жана Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборун каптаган. Ошондой эле Бактуу-Долонотуу айылындагы бир турак үйдүн жертөлөсүнө суу кирген.
Таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев башында турган 46 куткаруучу Рух Ордо маданий борборун тазалоого киришти.
Жеринде Жарандык коргонуу кызматынын 2 инженердик техникасы тартылган.
Борборду ыкчам тазалоо максатында кошумча күч катары ӨКМдин дагы 75 куткаруучусунун жана техникалардын тартылуусу күтүлүүдө
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР