Жаңылыктар
08.12.2024 11:48
Кароолор: 115
КУТКАРУУЧУЛАР "АЙДАНЕК" БАЛДАР ҮЙҮНӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан "Айданек" турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борборуна
жардам көрсөтүштү.
Башкармалыктын башчысынын орун басары полковник Сталбек Абдылда уулу баштаган куткаруучулар борборго гигиеналык каражаттарды тапшырып, балдардын муктаждыктарын чечүүгө колдон келген жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек салтка айланып калган мындай жардам берүү иш-чарасы КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Балдарды, майыптарды коргоону эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” №237 токтомуна ылайык жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР