Жаңылыктар
01.04.2025 13:25
Кароолор: 270
КУТКАРУУЧУЛАР 7-КАБАТТАН БИР ЖАРАНДЫН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛЫШТЫ
Кечээ, 31-март күнү Бишкек шаарындагы Октябрь районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан 23 жаштагы жаран өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жогорудагы эркек адамды аман-эсен жерге түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, куткаруучулар аталган жаранды куткаруу үчүн жөнөкөй жарандын кийимин кийип, сүйлөшүүгө көндүрүп анан сактап калышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР