Жаңылыктар

15.12.2023 13:09

   Кароолор: 334

КУТКАРУУЧУЛАР 16 ЖАРАНДЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЖӨНӨТҮШТҮ

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу ККББнын саат 12:20да берген маалыматына ылайык, кар күрткүгө кабылып жол жүрө албай калган Кыргыз Республикасынын 16 жараны Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун жүргүнчүлөрдү ташуучу унаасы менен Казакстандын Отар айылынан Кордайды көздөй саат 11:40та жөнөтүлдү. Алар өз мекенине кайтышат.

Жеринде подполковник Ырысбек Жолдошбаев жетектеген кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын улантышууда.

Кыргызстан тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек-Алмата" кафесинде 150, Свердлов районундагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы мамлекеттик администрациясынын имаратынын ашканасында жана “Таберик” студиянын жыйналыш залында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайлар уюштурушту.

Кошумча маалымат берилет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу