Жаңылыктар
15.12.2023 10:38
Кароолор: 461
КУТКАРУУЧУЛАР 16 ЖАРАНДЫ КЫРГЫЗСТАНГА АЛЫП КЕЛИШТИ
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 16 кыргызстандык жаранды алып келишти. Алардын 13ү Кордай өткөрмө постунан өтүп, туугандары менен үйлөрүнө кетишти.
Ал эми уюштурулган жылынуучу жайда 3 жаранга ысык тамак берилип, адистештирилген куткаруу унаасы менен Бишкек шаарына жеткирилди.
Учурда кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын аткаруу үчүн жана унаа жолдордун абалын байкоо үчүн Кордай районунун Кенен айылынан Шу районунун Көккайнар айылын көздөй жөнөп кетишкен.
Кыргыз тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек – Алмата" кафесинде 150, Свердлов районундагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы мамлекеттик администрациясынын имаратынын ашканасында жана “Таберик” студиясынын жыйналыш залында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайларды уюштурушту.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР