Жаңылыктар

11.03.2024 13:35

   Кароолор: 497

КУТКАРУУЧУ ОКУУЧУНУН КӨЗҮ МЕНЕН

КУТКАРУУЧУ ОКУУЧУНУН КӨЗҮ МЕНЕН

 

Нарында сүрөт конкурсу жыйынтыкталды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы Э. Карасартов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде ӨКМдин ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт конкурсу жыйынтыкталды.

Конкурс 5-класстын окуучулары арасында өтүп, сүрөттөр атайын түзүлгөн комиссия тарабынан бааланды.

Мыкты деп табылган эмгектин ээлерине

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан баалу белектер тапшырылды.

Мындан сырткары мугалимдерге жана окуучуларга өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, жер титирөө катталганда өзүн-өзү туура алып жүрүү тууралуу маалымат берилди.

Иш чара ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, конкурска 15 окуучу катышкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу