Жаңылыктар

16.09.2023 09:10

   Кароолор: 323

Куткаруучу – келечек муунга үлгү кесип!

Бүгүн УТРКнын "Келечек" студиясында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов конокто болду.

"Абайлаңыз, балдар суроо берет!" уктуруусунда мектеп окуучулары куткаруучу кесиби, эмгек менен ийгилик жаратып келе жаткан үлгүлүү жетекчинин бала кезинен тарта бүгүнкү учурга чейинки өмүр жолу, жашоого максат коюу, туура жолду тандоо, башкага жардам берүү, мекенди сүйүү өндүү бир катар суроолорду узата алышты.

Келечек муундардын улуулардын баскан жолунан үлгү алууга, шыктануусуна көрөңгөсүн байытып билимдүү, мекенчил болууга чакырган уктуруу соңунда мейман балдарга ыраазычылык билдирип, белектерин тапшырды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу