Жаңылыктар
19.05.2025 09:44
Кароолор: 325
КУТКАРУУЧУ БОЛУУНУ КААЛАЙСЫЗБЫ? СУУЧУЛДАРДЫ ДАЯРДООЧУ БОРБОР СИЗДИ КҮТӨТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору жыл сайын 400дөн ашуун суучул жана суу куткаруучуларын окутуп чыгарат.
Суу куткаруучулары кантип даярдалат?
Борбор 18-45 жашка чейинки суу куткаруучусу болууну каалагандарды кабыл алып, окутат. Окуу мөөнөтү 10 күн. Кабыл алуу өзгөчө талап жана тандоо менен жүргүзүлөт. Анткени адам өмүрүн куткарууда эң биринчи кезекте адистин ден соолугу чың жана психикалык жактан туруктуу болушу зарыл. Ошондой эле төмөнкү керектелүүчү документтерди тапшыруусу керек:
- жазуу түрүндөгү арыз же уюмдун атынан жолдомо;
- бекитилген формадагы 086 У медициналык маалымдама;
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- 3х4 өлчөмүндөгү түстүү сүрөт (4 даана).
Кыргызстандын суучул сертификаты дүйнө жүзүндө таанылат
10 күндүк окуудан өткөндөн кийин суу куткаруучусун тастыктаган сертификат берилет. Баса белгилей кетсек, Кыргызстандын сертификаты менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да иштеп кетүүгө болот.
Окутуунун баасы 3400 сом, КМШга мүчө-мамлекеттерден келгендер 6800 сом, ал эми дүйнөнүн башка мамлекеттеринен келгендер 13600 сом төлөп окуй алышат.
Суу куткаруучусу болууну каалоочулар төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат:
Чолпон-Ата шаары Ахунбаев көчөсү 2
Байланыш номери: 0554974990
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматы 2009-жылы 18-декабрда түзүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР