Жаңылыктар
18.06.2024 18:18
Кароолор: 696
КУТКАРУУЧУ БОЛУУНУ КААЛАЙСЫЗБЫ? СУУЧУЛДАРДЫ ДАЯРДООЧУ БОРБОР СИЗДИ КҮТӨТ
КУТКАРУУЧУ БОЛУУНУ КААЛАЙСЫЗБЫ?
СУУЧУЛДАРДЫ ДАЯРДООЧУ БОРБОР СИЗДИ КҮТӨТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору жыл сайын 300дөн ашуун суучул жана суу куткаруучуларын окутуп чыгарат.
Адегенде суучулдан суу куткаруучусунун айырмасына токтоло кетели.
Суучул бул – атайы кийим жана шаймандар менен суу ичинде куткаруу, техникалык жумуштарды аткара алган адис.
Суу куткаруучусу – Сууда сүзө алган, эс алууга ылайыкталган суу объектилеринде коопсуздукту камсыздап, куткаруучу катары иштей турган адис.
Суу куткаруучулары кантип даярдалат?
Борбор 18-45 жашка чейинки суу куткаруучусу болууну каалагандарды кабыл алып, окутат. Окуу мөөнөтү 10 күн. Кабыл алуу өзгөчө талап жана тандоо менен жүргүзүлөт. Анткени адам өмүрүн куткарууда эң биринчи кезекте адистин ден соолугу чың жана психикалык жактан туруктуу болушу зарыл. Ошондой эле төмөнкү керектелүүчү документтерди тапшыруусу керек:
- жазуу түрүндөгү арыз же уюмдун атынан жолдомо;
- бекитилген формадагы 086 У медициналык маалымдама;
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- 3х4 өлчөмүндөгү түстүү сүрөт (4 даана).
Кыргызстандын суучул сертификаты дүйнө жүзүндө таанылат
10 күндүк окуудан өткөндөн кийин суу куткаруучусун тастыктаган сертификат берилет. Баса белгилей кетсек, Кыргызстандын сертификаты менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да иштеп кетүүгө болот. Окутуучу курамдын күчтүүлүгү жана практикалык көндүмдөр сапаттуу үйрөтүлгөндүктөн, Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин суучулдары жыл сайын Ысык-көлгө келип, тажрыйба алмашып, тереңдикке кирүү боюнча үйрөнүп кетишет.
Борбордун бүтүрүүчүлөрү эс алууга ылайыкталган суу объекттилеринде суу куткаруучусу болуп иштөө менен жыл сайын адистигин тастыктоо үчүн 2 күндүк окутуудан өтүп турушат.
Окутуунун баасы 3400 сом, КМШга мүчө-мамлекеттерден келгендер 6800 сом, ал эми дүйнөнүн башка мамлекеттеринен келгендер 13600 сом төлөп окуй алышат.
Тастыктоочу окутуунун баасы 500, 1000, 2000 сом.
Суучулдарды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
Борбордо суучулдарды даярдоо жана адистештирилген кесипке ээ болгон суучулдардын квалификациясын жогорулатуу да жүргүзүлөт. Окутуунун мөөнөтү 1 ай.
Алсак, борбордун адистери I, II, III класстагы суучулдарды, дайвинг негиздери жана анын элементтери дисциплинасы боюнча окутушат.
Суу астында ширетүү жана таштандыга толгон көлдү тазалоо
ӨКМге караштуу Суучулдар кызматы өлкөдөгү ири жана чакан ГЭСтердин үзгүлтүксүз иштөөсүндө маанилүү болгон суу түбүндөгү техникалык жумуштарды аткарып келишет. 20-25 метр тереңдикке түшүп, темирлерди кадимкидей ширетип, оңдошот.
Алсак, “Токтогул”, “Шамалды-Сай”, “Камбар-Ата-2” ГЭСтеринде, суу сактагычтарда жана атайы балык багуучу жайларда суу алдындагы техникалык жумуштар жүргүзүлүп келет.
Мындан сырткары Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде, 2023-жылдын 12-мартынан тарта суучулдар тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо масштабдуу түрдө жүрүүдө.
Суучулдар тарыхындагы биринчи барокамера
Ушул жылы суучулдарды кубанткан жаңылык алардын жумушунда эң зарыл болгон барокамеранын алынышы болду. Түркия тараптан гранттык негизде келген бул каражат суучулдардын коопсуз жумушу тагыраагы дем алууну калыбына келтирүүдө, түрдүү оорулардан сактоодо жана суучул кесибине ээ болууну каалагандарды алгачкы сыноодон өткөрүүдө абадай керек болуп саналат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматы 2009-жылы 18-декабрда түзүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР