Жаңылыктар

20.12.2024 19:21

   Кароолор: 597

КУРУЛТАЙДЫН БИРИНЧИ КҮНҮНДӨ ӨКМге 60 ДЕЛЕГАТ КАЙРЫЛДЫ

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен Үчүнчү Элдик Курултай өтүүдө. Бүгүн, 20-декабрда, биринчи күнү болуп өттү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышып, чет өлкөдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү да келишти.

Курултайдын биринчи күнүндө 105 адам чыгып сүйлөдү. Ал эми улуттук филармониянын залында министрликтердин жарандарды кабыл алуу бурчу уюштурулуп, делегаттардан суроо-сунуштар кабыл алынды. Алсак ӨКМге 60 делегат кайрылып, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган кызматкерлер суроо-сунуштарды кабыл алышты. Алсак:

▪️60 - дамба куруу;

▪️Өрт коопсуздугу - 10;

▪️Токой кызматына - 8;

▪️Механикалык тазалоо жумушу – 8;

▪️көпүрө куруу - 2;

▪️Кадр маселеси - 1;

▪️башка маселе - 4.

Эртең, курултайдын экинчи күнүндө да жарандарды кабыл алуу уланат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу