Жаңылыктар

20.12.2024 18:40

   Кароолор: 440

КУРУЛТАЙДА ӨКМге ТИЕШЕЛҮҮ 51 КАЙРЫЛУУ ТҮШТҮ

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан III Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттар тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бүгүн саат 18:00гө карата жалпы 51 кайрылуу түштү.

Президент Садыр Жапаров башында турган Улуттук жыйындын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн кайрылуулардын басымдуусу аймактарды жана айдоо аянттарын сел-суулардан сактоо, дамбаларды куруу, кооптуу аймактарды коргоо, өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүн ачуу, көпүрө куруу жана башка маселелер болду.

Өз кезегинде министрликтин жетекчилиги бул кайрылууларды каттап алып, тиешелүү чечимдер кабыл алына турганын билдиришти.

Белгилей кетсек, Курултайдын биринчи бөлүгүнө жалпысынан 698 делегат катышты. Эки күнгө созулган жыйын эртең, 21-декабрда улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу