Жаңылыктар
20.12.2024 17:46
Кароолор: 905
КУРУЛТАЙДА БЕРИЛГЕН УБАДА АТКАРЫЛДЫ!
Айыл эли ыраазычылык билдирет
III Элдик курултайда кайрылган делегаттардан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазычылык билдиргендер да аз эмес. Алардын катарында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан келген делегат Талант Алыбаев.
Талант Алыбаев 2022-жылы өткөн Элдик курултайда райондун Теплоключенка айылынын элин айдоо жери менен байланыштырып турган эки көпүрө селдин кесепетинен жараксыз абалга келгендиктен эл 10км аралыкты басып өтүүгө туура келип, кыйынчылык жаралгандыгы айтылган.
Аталган аймакка ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев да барып, жеринен таанышып келген.
Бул көйгөйдү чечүү да көпкө күттүргөн жок. ӨКМ тарабынан ички чарбалык көпүрө 2023-жылы бүткөрүлүп, колдонууга берилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР