Жаңылыктар

20.12.2024 15:25

   Кароолор: 650

КУРУЛТАЙ: "ӨРТКӨ КАРШЫ КУТКАРУУ БӨЛҮГҮН АЧУУ ЗАРЫЛ"

Үчүнчү Элдик курултайда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагынан келген делегат Разакан Жумабаева кайрылды.

Анда аталган айыл аймакка өрткө каршы куткаруу бөлүгүн ачуу зарыл болуп турганын айтты. Анткени кырсык учурунда өрт өчүрүүчү унаанын келиши көп убакытты алып жаткандыгы айыл элин ойлондуруп турган көйгөй экендигин билдирди.

#Курултай2024

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу