Жаңылыктар
23.01.2025 21:40
Кароолор: 417
КУРШАБ-ЖАЛПАК-ТАШ ИЧКИ ЧАРБАЛЫК ЖОЛУ ЭКИ ТАРАПТУУ АЧЫК
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагында калың жааган кардын кесепетинен Куршаб-Жалпак-Таш ички чарбалык унаа жолунун 20-32-чакырым аралыгынын айрым жерлеринде кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол жабылган.
Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн №956 Жол тейлөө кызматынан техника тартылып, ички чарбалык унаа жол саат 21:30да толук тазаланып, эки тараптуу ачылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР