Жаңылыктар
20.02.2025 21:02
Кароолор: 346
КУРОРТТОГУ ӨРТ КООПСУЗДУГУНА ЖҮРГҮЗҮЛГӨН КӨЗӨМӨЛ... АР КҮНҮ 101 КЫЗМАТЫНА МААЛЫМДОО
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бардык мекемелерде өрт коопсуздугун көзөмөлгө алууну күчөтүүдө. Алсак, буга чейин да мектептерде, эл көп каттай турган жайларда, бала бакчаларда, ооруканаларда тынымсыз жүргүзүлүп келген.
ӨКМ кызматкерлери бул жолу адаттагыдай дарылануучу жайлардын бири - Кыргыз курортология жана калыбына келтирип, дарылоо илим-изилдөө институтунда өрт кырсыгынын алдын алуу иштерин жүргүзүштү.
Дарылануучуларга шыпаасын берип узаткан курорт калаанын четиндеги тоо арасында жайгашкан. Эл оозундагы Воронцовка санаторийинде жайдыр-кыштыр дарылануучулар үзүлбөйт. Тагыраагы, ар күнү 500дөн кемибейт. Мында ден соолук, өмүр тилеп келгендер арбын.
Алардын ар биринин өмүрүнө, ден соолугуна кам көрүү мекеме жетекчилигинин жоопкерчилигинде. Ал эми коопсуздукту камсыздоо, көзөмөлдөө, кемчиликтерин жоюуга эскертүүлөрүн берүү башка кеп.
Өрт көзөмөл кызматына караштуу Чүй – Талас башкармалыгынын башкы инспектору Мухтарбек Ташматов курортко жеткенче ооруканадагы коопсуздук эрежелеринен кеп салды.
"Ар күнү 101 кызматына дарылануучу жайлар канча оорулуу бар экендиги тууралуу так маалымат бериш керек. Өрт чыккан учурда эң башкысы - эвакуция, адамдарды коопсуз жайларга чыгаруу", - деген Мухтарбек Ташматов ар бир мекемеде эвакуация эрежелери, алгачкы өрт өчүрүүчү куралдардын жайгашуусуна, кабарландырууга жана башка эрежелерге токтолду.
Чүй облустук башкармалыгынын өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн кызматкери Майрамбек Имангазиев жана жаш инспекторлор дарыгерлерге өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу, эвакуциялоо эрежелерин жана башка коопсуздукту сактоонуу айтып беришти.
Ал эми имараттагы кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюуну курорттун жетекчилигине эскертишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР