Жаңылыктар
05.11.2023 14:24
Кароолор: 2007
КУРГАКЧЫЛЫКТЫ АЛДЫН АЛА АЙТУУГА, БИЛҮҮГӨ ЖАНА ЗЫЯНЫН АЗАЙТУУГА ЧАРА КӨРҮҮГӨ БОЛОТ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин адистери кесиптик деңгээлин жогорулатышты.
Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейин Мониторинг департаментинин адистери үчүн Азия жана Тынч океан, ошондой эле Россиянын демөөрчүсү, кургакчылыкты башкаруу циклинин "мониторинг жана болжолдоо" маселесин чечүүгө багытталган БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясы тарабынан ишке ашырылган Кыргызстан үчүн кургакчылык боюнча пилоттук маалыматтык тутумдун потенциалын жогорулатуу боюнча экинчи тренинги өткөрүлдү.
Долбоордун негизги максаты – бул өлкөлөр кургакчылык боюнча пилоттук маалыматтык системасына жетүү, кургакчылыкка эффективдүү мониторинг жүргүзүү жана алдын ала эскертүү үчүн спутниктик маалыматтарды жана геомейкиндиктик маалыматты колдонуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн потенциалын күчөтүү.
Борбордук Азия аймагы өзүнүн географиялык абалына байланыштуу кургакчылыкка алсыз. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү табигый кырсыктардын негизги экономикалык коркунучу жер титирөөлөр, суу ташкындары, селдер, жер көчкүлөр жана кургакчылык менен байланышкан. Бул чөлкөмдүн 70%га жакыны кургакчылык менен жабыркаганы тренингде белгиленди.
Белгилей кетсек, бул тренинг CADISти ишке ашырууга арналган иш-чаралардын уландысы болуп саналат. Атап айтканда, кургакчылыкты үзгүлтүксүз талдоо процесси түзүлгөндүгүн ырастоо жана CADISти маалымат алмашуу мүмкүнчүлүктөрү менен андан ары байытууну көздөйт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР