Жаңылыктар

26.07.2024 15:30

   Кароолор: 288

КУРАЛДУУ КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН АРАСЫНДА ӨТКӨН СПОРТТУК ТАЙМАШТА ӨКМ БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНДЫРДЫ

Борбор калаада "27-июль - КР Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 18 жылдыгына" карата спорттук мелдеш өттү.

Куралдуу Күч түзүмдөрүнүн арасында өткөн иш-чарада спорттун кичи футбол жана волейбол түрү боюнча жалпы 14 команда күч сынашты. Мелдештин соңунда спорттун эки түрүндө тең Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курама командалары биринчи орунду багындырышты.

ӨКМдин кызматкерлери куткаруу, өрт өчүрүү, адам өмүрүн сактоодо өз милдеттерин так аткаргандан тышкары спортто да мыкты жана атаандаштардын арасында күчтүү экендигин көрсөтө алышты.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чарага Коргоо министрлиги, Улуттук Гвардия, Чек ара кызматы жана Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана башка командалары катышып, 23-25-июль күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлдү.

Максаты ден соолукту чыңдоо жана өз ара ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу