Жаңылыктар

26.05.2025 17:48

   Кароолор: 82

КҮН КҮРКҮРӨП, ЧАГЫЛГАН ТҮШСӨ ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК?

Алар:

- эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз

терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;

- мешке от жакпаңыз! Анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;

- уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;

- эгерде сиз токойдо болсоңуз токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;

- суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу