Жаңылыктар
24.07.2026 12:10
Кароолор: 223
“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАКнын ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ БААЛАНДЫ
Кыргыз Республикасынын Президенти – КР Жарандык коргонуусунун башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген планга ылайык, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулаймановдун жетекчилигинде атайын комиссия тарабынан Ысык-Көл облусунда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын Жарандык коргонуу абалын баалоо жүргүзүлдү.
Баалоонун негизги максаты – “Кумтөрдүн” өзгөчө кырдаал учурунда Жарандык коргонуу иш-чараларынын уюштурулуусун жана иш мерчемдерин текшерүү, жетекчилик курамын Жарандык коргонууга даярдоо жана анын талаптарынын аткарылышын, объектинин күч-каражаттарынын даярдык абалын текшерүү.
Иш-чарага “Кумтөрдүн” жетекчилик курамы, Жарандык коргонуу жана эвакуациялык комиссиялары, түзүмдөрү жана түзүмдүк мекемелери, объектилери тартылды.
Жыйынтыгында орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, байланыш, кабарландыруу жана маалымдоо каражаттарынын өзгөчө кырдаалдар шарттарында аракеттенүүгө даярдыгын чыңдоо, өрт коопсуздугун жогорулатуу, административдик кеңсесинде, түзүмдүк бөлүмдөрүндө Жарандык коргонуу жаатында кызматкерлерди окутуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттер боюнча билимин жогорулатуу боюнча усулдук көрсөтмөлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү