Жаңылыктар
26.02.2025 17:14
Кароолор: 243
КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАЙ САКТООЧУ КАМПАДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан шаар аймагында жайгашкан күйүүчүү май сакталуучу "Альфа-Ойл 1" ЖЧКсында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Сценарийге ылайык, күйүүчү майды сактоочу кампалардын биринде өрт кырсыгы катталгандыгы маалымдалып, өрттөн күйүк алган кызматкерлер бар экендиги өрт өчүрүү кызматына кабарланган.
Аталган аймактагы кооптуулук эске алынып, 3 өрт өчүрүү автоунаасы, 1 автошаты, атайын куткаруу автоунаасы жана тез жардам кызматтары тартылып, белгиленген аймак өз учурунда курчоого алынып өчүрүлдү.
Башкы максат – өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүп, өрт кырсыгын алдын алууга багытталат.
Белгилей кетсек, бул жылы Жалал-Абад шаарында 17 өрт кырсыгы катталса, өткөн жылы жалпы 79 өрт кырсыгы орун алган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР